Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Канадада жүргүнчү учак оодарылып кеткенде 18 киши жабыркады

0
Канаданын баш калаасы Торонто шаарындагы Пирсон эл аралык аэропортунда кырсыкка учураган Delta лайнеринде жабыркагандардын саны 18ге жетти. Бул тууралуу CNN телеканалы жана "Ассошиейтед пресс" агенттиги жазды. Набыт болгондор жок. Соңку маалыматтарга караганда, жабыркагандардын арасынан эки адамдын абалы оор. Алар тик учак менен жакынкы ооруканага жеткирилди. Бортто экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 76 киши болгон.


Миннеаполистен бараткан учак Торонто аэропортуна конуп жатканда оодарылып кеткен. Кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.


Айрым маалымат каражаттары жазгандай, чакан учак катуу шамалдан дагы оодарылып кеткен болушу мүмкүн. Ошол маалда шамалдын ылдамдыгы саатына 65 чакырымды түзгөн.


Транспорттогу коопсуздук боюнча улуттук кеңештин мурдагы жетекчиси Питер Гельц дагы CNN телеканалына курган маегинде катуу шамал учактын канатын жулуп кеткендиктен оодарылып кеткен болушу ыктымал деген божомолун айтты.




Кырсыкка байланыштуу аэропорттогу баардык каттамдар бир нече саатка токтотулду.


Былтыр жыл соңунда эки ири учак кырсыгы катталган. 29-декабрда Түштүк Кореяда Jeju Air аба компаниясына таандык Boeing 737-800 жүргүнчү учагы Бангкоктон Сеулга келатып, конору менен жарылып кеткен. Ичиндеги 181 адамдын экөө гана аман калган.


Андан мурда, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку - Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак кулап, андагы 67 адамдын 38и набыт болгон. Азербайжан бийлиги учак Орусиянын аймагында аткылоого дуушар болгонун билдирип, расмий Москвадан кечирим суроону, жоопкерчиликти өз мойнуна алууну жана кенемте төлөп берүүнү талап кылган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Неожиданный вылет Медведева, США обыграли Канаду на турнире НХЛ. Главное к утру






Оклейка машины чёрной матовой плёнкой по доступной цене

Источник 360.ru сообщил о столкновении трамвая и такси в центре Москвы

На столичном портале поставщиков региональные заказчики провели 50 тысяч закупок по потребностям

Новый худрук Ленкома Панков: кабинет останется кабинетом Марка Захарова