Казакстан: Кендеги кырсыкта набыт болгон жети адамдын сөөгү табылды
Маалыматка караганда, Жомарт жез кенинде тоо тек кулап түшкөн. Министрлик окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.
"Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жумушчунун 10 жылдык орто маянасы берилет, андан тышкары акыркы сапарга узатуу зыйнатына эки миллион тенгеден төлөнөт. Андан тышкары балдарынын окуусу, насыялары жана карыздары төлөнүп, үй-бүлөсүнө керектүү жардам көрсөтүлөт",- деп билдирди "Казахмыс" компаниясы.
Окуя боюнча премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев жетектеген өкмөттүк комиссия түзүлдү.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев каза болгондордун үй-бүлө, жакындарына көңүл айтка телеграмма жөнөттү.
"Болжолдуу маалыматтарга караганда, табигый газ жарылган. Кырсыктын чоо-жайы, себептери териштирилип жатат", - деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.
2024-жылдын 17-декабрында "Казахмыс" компаниясынын Сатпаев шаарындагы кен ишканасынын 200дөй жумушчусу жумуш шартын жана маянанын көтөрүлүшүн талап кылып иш ташташкан. Алар президентке видео кайрылуу жолдоп, компания аларды "адам катары көрбөй жатканына" даттанышкан.
20-декабарда компания жумушчулар менен орток пикир табылганын билдирген.