Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Сыдыгалиев коомдук талкууга чыккан долбоордо талапкерлерди саясий партиялар да сунуштай аларын айтты

0
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, демилгечилердин бири Нурбек Сыдыгалиев депутаттарды шайлоо жөнүндө жаңы мыйзам долбоор боюнча түшүндүрмө таратты. Ал мыйзам долбоорунда талапкерлерди саясий партиялар дагы сунуштай аларын билдирди.


“Партия жоюлган жок. Ошол отуз округда партия өзүнүн талапкерин бере алат. Бирок бир партиядан бирөө эле болот. Партиядагы коррупцияны жоюп жатабыз. Мурда биринчиден онунчуга чейин, ондон жыйырмага чейинки орундарга акча төлөп тизмеге кирчү”, - деди Сыдыгалиев.


Вице-спикер парламенттик, президенттик дагы шайлоо өз убагында болорун кошумчалады. Кийинки парламенттик шайлоо 2026-жылы өтөт.


Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Сунушталган долбоорго ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Өлкө боюнча көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо округунан эң көп сандагы добуш алган үч талапкер жеңүүчү катары таанылат.




Талапкерлер бирдей добуш алган учурда документтердин толук топтомун эрте берген талапкер жеңди деп эсептелет. Документке ылайык, аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүнөт. Аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп добушун алганы шайланды деп таанылат.


Долбоорго ылайык, депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет.


2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум аркылуу президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу, ыйгарым укуктары кыйла азайган.


Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизмеде пропорционалдык тутум менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланган. (TSh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Юлия Путинцева

Разгром за 33 минуты случился в первом матче Путинцевой






Подростки взорвали петарду в ПВЗ рядом с отделом полиции под Красногорском

Кубок Салавата: передышка к соревнованиям Степана Ануфриева на Mini Cooper

Минсельхоз Подмосковья напомнил о компенсации расходов на экспорт товаров в Китай

Сергей Собянин продлил программу льготного кредитования промышленности