Аба ырайы: Ош, Баткендин тоолуу райондорунда кар жаайт
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн-1…-6, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндуз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4° суук, күндүз 10…12° жылуу болот.