Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Орусияда кафеде өрт чыгып, Кыргызстандын беш жараны жабыркады

0
Орусиянын Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы кафеде чыккан өрттөн Кыргызстандын беш жараны жабыркады. Кырсык 16-февралда болгон.



Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 18-февралда билдирди.


Маалыматка караганда, кыргызстандык жарандардын бири оор абалда ооруканага жаткырылган. Экөө Ленинград облустук ооруканасынын күйүк борборунда дарыланууда, дагы экөө алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарылоого жиберилген.



Кыргызстандын Ленинград облусундагы Башкы консулдугу жабыркаган жарандардын жакындары менен тыгыз байланышта экени жана бул маселени көзөмөлгө алганы кошумчаланды.



ТИМдин маалымдашынча, Орусиянын Тергөө комитети кафедеги өрт боюнча кылмыш ишин козгоду.


Ленинград облусунун Усть-Луга аймагындагы чайханада газ баллон жарылып өрт чыкканын, андан бир нече адам жабыркаганын, оор абалдагы үч киши Кыргызстандын жарандары экенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан.




ТИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-январына карата Орусияда 334 миңдей кыргызстандык жаран миграцияда жүрөт. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Марсель (ATP). 1/4 финала. Чжан сыграет с Бергсом, Медведев встретится со Штруффом






В Подмосковье на видео попал лобовой таран легкового автомобиля

Собянин: открыт новый двухкилометровый участок улицы Ивана Франко

Депутат Михкельсон: Москва добилась важной победы на Мюнхенской конференции

Гидрометцентр спрогнозировал в Москве длительный снегопад