Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

УКМК Ленин райондук сотунун судьясын пара алууга шек санап кармады

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалганын билдирди.


Атайын кызмат шектүү адвокат аркылуу жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн 22 миң доллар акча алганы аныкталганын кабарлады.


Башкы прокуратура судья жана адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери уланып жатат.


“Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схеманын бардык катышуучулары күнөөсүн моюнуна алышкан”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.




Судьялар кеңеши 13-февралда башкы прокурордун Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясын (А.М.А.) кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.


Шектүүлөрдүн жактоочулары жана жакындары кылмыш иши боюнча комментарий бере элек.


Жергиликтүү сайттар Ленин райондук сотунун судьясы Мирзат Авазов кармалганын жазып жатат. (TSh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Фернандо Вердаско

Вердаско иронично прокомментировал победу над Бубликом и Хачановым на турнире в Дохе






«Русский стиль: сталь»: плиты бронежилетов как произведения искусства

Путин утвердил даты проведения Фестиваля «Спасская башня» в 2025 году

США запросили согласие Москвы на назначение Ричарда Норланда новым послом

Онлайн покер на рубли: как играют в отечественных румах?