Сузакта өспүрүм курактагы 17 кызга нике кыюуга уруксат берилген
Жалал-Абад облустук прокуратурасы мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге тартиптик чара көрүү үчүн Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысына сунуштама жибергени кабарланды.
Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө (РИИБ) былтыркы тогуз айда жашы 18ге толо элек кыздарды никелеген 23 учур катталып, анын 21и тергөө учурунда кыскартылган. Эки иш боюнча тергөө жүрүп жатат.
"Эрте турмушка чыккан кыздардын бири орто мектепте билим алып жаткан 16 жашар кыз. Ал өзүнөн алты жаш улуу адам менен үй-бүлө курган. Жашы жете элек өспүрүмгө аталган айылдын 71 жаштагы имамы нике кыйган", - деп жазылган маалыматта.
Ага ылайык, бул факт боюнча Базар-Коргон РИИБ тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 175-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Муфтият имам өз эрки менен жумуштан кеткенин билдирген.
Омбудсмендин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жалал-Абад облустук прокуратурасы 2024-жылдын 9 айында Сузактагы саламаттык сактоо мекемелерине 21 жашы жете элек кыз кош бойлуугуна байланыштуу каттоого алынып, төрөгөнүн маалымдаган. Анын үчөө гана сотко өткөн. Калган 18 факт боюнча Сузак райондук милициясы кылмыш ишин козгоодон баш тартканы аныкталган. Сузак районунун төрөт үйүнүн маалыматына караганда, 2024-жылдын 9 айында райондо беш өспүрүм көз жарган.
Бул маалыматтар Акыйкатчы институту Сузак районунда окуучу кыздардын никеге туруусунун алдын алуу максатында жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында аныкталды.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда жашы жете элек кыздардын никеге турган учурлары көбөйгөнүн эскертип, тиешелүү мамлекеттик органдарды мунун алдын алууга чакырды. Ал кыздардын эрте турмуш куруусуна жол бербөө үчүн, алдын алуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, эрте никенин кесепеттери балдарга мектептерде жана үйдө байма-бай түшүндүрүлүшү керектигин эскертти.
Омбудсмен институту пилоттук долбоор катары Сузак районунда окуучу кыздардын никеге туруусунун алдын алуу максатында мониторинг жүргүзгөн.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын “Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо” бөлүмүнүн, Сузак райондук төрөт үйүнүн, Ички иштер бөлүмүнүн иш-аракеттерин изилдеген.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай мониторингдер башка облустарда да жүргүзүлөт.
Кыргызстандын Үй-бүлө кодексине ылайык, нике курагы 18 жаш. Бирок жүйөлүү себептер болгон учурда каалоочулардын өтүнүчү менен комиссиялык корутундунун негизинде нике курагы бир жылга төмөндөтүлөт. Бул жашы жете элек кыздарды эртелеп никеге мажбурлоого алып келип жатканы айтылып келаткан.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл январда Үй-бүлөлүк кодексти өзгөртүп, 18 жашка чыга элек адамдардын никеге туруусуна толук тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык эрте куракта никеге турууга мажбурлоо, аны каттоо же ага колдоо көрсөтүү кылмыш болуп эсептелет.(ZKo)