Абактагы Темирлан Султанбеков ачкачылыгын токтотконун билдирди
Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган катында ал магниттик-резонанстык томографиядан өткөндөн кийин бир катар оорулар аныкталганын жана аны дарылоо керектигин, ачкачылыгын токтотууга 1-марттан тарта Орозо кармай турганы да себеп болгонун айткан.
Орозо бүткөндөн кийин ачкачылыгын уланта турганын билдирген.
"Тилекке каршы бизде башка жол жок", - деп жазган.
26 жаштагы Темирлан Султанбеков 13-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган күндөн тартып, нааразылык катары саясий ачкачылык жарыялаганын билдирген. Жакындары анын саламаттыгы начарлап бара жатканын айтышып, бийлик башындагылардан аны бошотууну суранышкан.
8-февралда Свердлов райондук сотуна бөгөт чарасын узартуу каралып жаткан чакта Султанбеков өзүн жоготуп жыгылганы кабарланган.
Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет.
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренесине байланышуу козголгон кылмыш иштин негизинде камалган. Алар өздөрү мунун артында "саясий максат" турганын айтып, айыптоолорду четке кагып келишет.
Аларга Бишкек шаардык кеңешине шайлоону утурлай Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон жана көп өтпөй СД партиясы шайлоодон четтетилген. Камактагы мөөнөттөрү улам узартылып жатат. (ZKo)