Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

Матраимовдун мамлекетке өткөн мейманканасы билим берүү башкармалыгына берилди

0
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Ош шаарындагы мамлекетке алынган мейманканасы Билим берүү башкармалыгына өттү. Бул тууралуу башкармалыктын башчысы Салтанат Аманова ырастады.


Анын айтымында, Билим берүү башкармалыгы 1468 чарчы метр жер тилкесиндеги эки кабаттуу имаратка көчүп келгенине жарым ай болду. Башкармалыктын эски кеңсеси мэрияга өтүп, “Лотос” балдар үйүнө берилет.


Буга чейин Ош мэриясы Супаналиев 15-17 даректеринде Матраимовго таандык имараттар бар экенин, аларды бири мамлекетке өткөнүн кабарлаган.


2024-жылы январда Ош мэриясы Супаналиев көчөсүндөгү Матраимовдун үйүнүн тосмолору кызыл сызыктан 9 метр чыгып кеткенин айтып, дубалдарын буздурган. Ошол эле жылы февралда аталган үйдүн дарбазасында атайын кызматтын тергөөчүсүнүн колу коюлган мөөр басылып турганы белгилүү болгон.


Мындан сырткары, Кара-Суу районунда Матраимовго тиешелүү 26 кыймылсыз мүлк камакка алынганы айтылган.




2024-жылы 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салган. Ал айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, материалдык зыянды төлөгөндүктөн, эркинен ажыратылган эмес.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканын айткан.


2021-жылы атайын кызмат Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.


Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. (DSh) 




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв вышел в 1/4 финала турнира ATP в Дохе






Онколог Серяков предположил, сколько может жить Лисовец с раком четвертой стадии

«Такую Camry 50 не найдёте». В России продают Toyota Camry VII (XV50) в идеальном состоянии — почти вдвое дешевле Camry в 40-м кузове

Москомэкспертиза согласовала проекты капитального ремонта жилых домов в Троицке

Юрист Гусятникова назвала нюансы составления трудового договора для наставников