Кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн кийимдерди саткан орусиялык YAKA бренди бир канча күндөн бери кыргызстандыктардын көңүлүн бурууда. Буга компания сайтында өз өнүмүнүн “стилистикалык өзгөчөлүгүн” көчүрүп алганга тыюу салып, мындай учурда сотко кайрыла турганын билдиргени себеп болгон.