Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

ХАМАС радикал тобу Израилге эне-баланын сөөгүн өткөрүп берди

0
АКШ жана Евробиримдик тарабынан террордук топ деп табылган ХАМАС бейшемби күнү эртең менен төрт адамдын сөөгүн Кызыл Чырым уюму аркылуу Израилге өткөрүп берди.


Маалыматка караганда, төрт жаштагы Ариэль Бибас, анын тогуз айлык иниси Кфир, энеси Ширан жана дагы бир адам Одед Лифшицттин сөөгү Израилге берилди. Алар 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилге кол салуу учурунда барымтага алынып, Газа тилкесинде өлтүрүлгөн.


Сөөктөр салынган төрт кара табыт Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берилип, аларды жүктөгөн унаа Газа тилкесинен Израилге жөнөп кеткен.


Каза болгон эки баланын атасы Ярден Бибас ок атышпоо келишиминин биринчи этабында бошотулган. Аны аялы жана балдарынан бөлөк кармашкан.


Израил эли Бибас үй-бүлөсүнүн тагдырын 2023-жылы 7-октябрда ХАМАСтын чабуулунун ырайымсыздыгынын символу катары көрөт. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху "бүгүн биз үчүн өтө оор күн" деди.


ХАМАС 2023-жылы ноябрда Израилдин Газа тилкесине жасаган аба соккусунун натыйжасында бул балдар энеси менен набыт болгонун билдирген. Израилдин бийлиги расмий түрдө алардын өлүмүн акыркы күнгө чейин тастыктаган эмес. Балдардын атасы Ярден Бибас жана анын жакындары иликтөө иштерин жүргүзө тургандыгын билдиришти.




Барымтадагылардын сөөгү ок атышууну убактылуу токтотуу боюнча мурда түзүлгөн келишимдердин алкагында өткөрүп берилди. АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюму 22-февралда дагы алты туткунду бошотушу мүмкүн.


Өткөн ишембиде (15-февралда) туткундагы үч адам бошотулган. Бул үчүн Израил түрмөлөрүндөгү 369 киши коё берилген. Алардын арасында израилдиктерге каршы теракттарга катышканы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандар дагы бар эле.


15-январда Израил менен ХАМАС ортомчулардын жардамы менен Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен. Келишимдин 42 күнгө созулган биринчи баскычында Израил өз армиясын Газадан чыгара баштамак, ХАМАС 2023-жылы 7-октябрда барымтага алынгандардын 33үн бошотмок. Маалыматка караганда, алардын сегизи өлгөн болушу ыктымал. Израилге алардын сөөгү өткөрүп берилери кабарланган.


ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылы 7-октябрда Израилге кол салганда 1200дей кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алган. Израил радикал уюмдан өч алуу максатында Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. 15 айдан ашуун мезгилде Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы 45 миңдей киши каза болгонун кабарлаган.( AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елене Рыбакиной поставили задачу для возвращения в топ-5 мирового рейтинга






Пескоструйную очистку более 150 объектов проведут в столице

Пирожки со свинцовой начинкой

Чем заняться геймерам на «Игроконе»: отечественный геймдев, ретро-игры и яркие инди-проекты

«Выберу.ру»: кредит «Ренессанс Банка» — лидер рейтинга в феврале 2025 года