Тажибек кызы абакта коркутуу болгонун акыйкатчынын өкүлдөрүнө билдирди
Махабат Тажибек кызы абакта коркутуу болгонун, тиешелүү чаралардан кийин маселе жөнгө салынганын айтып бергени маалымдалды. Мекеме анын арызы делген текстти жарыялады.
“Ооба, В.Лысенкодон коркутуу болгон. Бул нерсе мен абакка келген биринчи күндөрдө болгон. Ал мени өлтүрөм деп коркуткан. Абактын жаңы жетекчиси тиешелүү чараларды көрдү. Учурда менин өмүрүмө коркунуч жок. Андыктан, абактын кызматкерлерине жана соттолгондорго доом жок”, - деп айтылат Тажибек кызынын арызында.
Абак жетекчилиги Тажибек кызынын арызына байланыштуу текшерүү жүргүзүлгөнүн, Лысенко жалпы режимден катаал шартта кармоого (камералык типтеги жайга) 13-февралда эле которулганын билдирди.
Соттолуп, өлкөдөн чыгарылган, азыркы тапта чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темиров Чүйдөгү №2 аялдар абагында алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жубайы, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун жетекчиси жана негиздөөчүсү Махабат Тажибек кызынын өмүрү коркунучта экенин 18-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазган. Ал жубайынын абактан жазган каты делген сүрөттү да жарыялаган. Катта абакта чогуу отурган аял аны "өлтүрөм", "ууландырам" деп коркутканын жазган.
19-февралда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАК) Темировдун жубайынын өмүрү коркунучта экени жөнүндөгү билдирүүсүн төгүндөгөн.
Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (“Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаар соту өкүмдү күчүндө калтырган. Ошондон кийин Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына жөнөтүлгөн. Өзү коюлган айыптардын баарын четке кагып келет. (TSh)