Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22
23
24
25
26
27
28

Мектептеги токмоктон көз жумганы айтылган окуучунун сөөгү эксгумацияланды

0
Бишкектеги №72 мектепте токмоктон каза болгону айтылган Аннас Айтбаевдин сөөгү эксгумацияланды. Бул тууралуу маалыматты маркумдун атасы Дөөлөт Айтбаев "Азаттыкка" тастыктады.



"Биз балабыздын мектептеги токмоктон өлгөнүн ал жерге берилгенден кийин билгенбиз да. Колубуздагы уулумдун телефонуна келген коркутуп-үркүткөн аудио жазууларды, классташтарынын көрсөтмөлөрүн милицияга бергенбиз. Ошондуктан тергөө анын чындыгында токмоктон каза болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Кечээ атайын эксперт дарыгерлер барып, эксгумация жүргүзүштү. Жыйынтыгы бир айда чыгат экен", - деди Айтбаев.



21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумган. 15 жаштагы Айтбаевдин ата-энеси милицияга 10-февралда кайрылган. Алар уулу 21-январда мектептин дааратканасында сабалгандан кийин эс-учун жоготуп, Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана эки жумадан кийин эсине келбей каза болгондугун билдиришкен. Баланын ата-энеси кылмышты жаап-жашырууга аракеттенген деп мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылып жатышат.



Ленин райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") жана 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы жүргүзүүдө.



Бишкек шаардык милициясы Аннастын өлүмүнө шектүү катары ушул эле мектептин окуучусун кармаган.



Бул окуя боюнча тергөө иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынганы кабарланган.


Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар көбөйүп жатат. ИИМдин маалыматына караганда, 2024-жылы балдар өлүмү менен коштолгон өспүрүмдөрдүн эки мушташы катталса, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч окуя катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.




Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары катышкан бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.



ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айтышса, милиция аны четке каккан. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв обыграл Бублика и вышел во второй круг турнира ATP в Дохе






Пассажир скончался в аэропорту Манчестера. Перед этим его задержали за странное поведение

Псковичи всё активнее борются со взломами техники

Московский академический театр сатиры: место, где оживает юмор

Суд арестовал министра транспорта Челябинской области по делу о растрате