Израил ХАМАС радикал тобу өткөрүп берген сөөктөрдүн бири башка экенин билдирди
ЦАХАЛ ошондой эле сөөктөрдү идентификациялоо учурунда Шири Бибастын балдары - төрт жаштагы Ариэль менен тогуз айлык Кфирдин өлгөнү ырасталганын, экөө тең 2023-жылы ноябрда мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн маалымдады.
Израил ХАМАС радикал тобун келишимди бузду деп айыптап, Бибасты башка барымтага алынгандар менен чогуу үйүнө жиберүүсүн талап кылды.
ХАМАС бейшемби күнү эртең менен төрт адамдын: төрт жаштагы Ариэль Бибас, анын тогуз айлык иниси Кфир, энеси Шири Бибастыкы делген жана дагы бир адам Одед Лифшицттин сөөктөрү салынган төрт кара табытты Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берген.
Каза болгон эки баланын атасы Ярден Бибас ок атышпоо келишиминин биринчи этабында бошотулган. Аны аялы жана балдарынан бөлөк кармашкан.
Барымтадагылардын сөөгү ок атышууну убактылуу токтотуу боюнча мурда түзүлгөн келишимдердин алкагында өткөрүп берилген. АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюму 22-февралда дагы алты туткунду бошотушу мүмкүн.
Өткөн ишембиде (15-февралда) туткундагы үч адам бошотулган. Бул үчүн Израил түрмөлөрүндөгү 369 киши коё берилген. Алардын арасында израилдиктерге каршы теракттарга катышканы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандар дагы бар эле.
15-январда Израил менен ХАМАС ортомчулардын жардамы менен Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен. Келишимдин 42 күнгө созулган биринчи баскычында Израил өз армиясын Газадан чыгара баштамак, ХАМАС 2023-жылы 7-октябрда барымтага алынгандардын 33үн бошотмок. Маалыматка караганда, алардын сегизи өлгөн болушу ыктымал. Израилге алардын сөөгү өткөрүп берилери кабарланган.
ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылы 7-октябрда Израилге кол салганда 1200дей кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алган. Израил радикал уюмдан өч алуу максатында Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. 15 айдан ашуун мезгилде Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы 45 миңдей киши каза болгонун кабарлаган.