Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28

Бишкекте милициянын тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.



Мекеменин басма сөз кызматы 25-февралда тараткан маалыматка караганда, ал коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө.


Атайын кызмат Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү Б.У.А кармалгандар менен жолугушууга уруксат берүү үчүн опузалап акча алууга шарт түзгөнү аныкталганын белгиледи.


УКМКнын белгилешинче, ал камактагыларга жакындары менен жолугушуусуна ар кандай шылтоо менен уруксат бербей же уруксат чечимдерин создуктуруп жүргөн жана пара алып жаткан жеринен кармалган.


Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.




Коопсуздук кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматта коррупциялык жана башка кылмыштардын жазасы күчөтүлгөнүн эскертүүдө. Анын маалыматына караганда, 2021-2024-жылдары Бишкек шаардык ички иштер тармагында коррупцияга байланыштуу 135 кылмыш иши козголуп, ИИМдин 35 кызматкери кылмыш жообуна тартылган.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Андрей Рублёв: нейтральное эмоциональное состояние и работа с психологом






Заместители главы «Роскосмоса» Брикин и Вилкова покинули свои посты

Почему среди москвичей вырос спрос на полезные сладости перед 8 Марта

В Россию из США едет новый Subaru Outback 2025 — он будет дороже Geely Monjaro

У правнучки Андропова обнаружили многомиллионные долги перед налоговой