Көлбаевдин жакындарынын иши боюнча арыз Жогорку сотто каралды
Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 8-августта Алиеваны Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кесип, бир жылдык шарттуу түрдө жаза чегерген.
Ушул эле иштеги дагы бир айыпталуучу Тентешова сегиз жылга эркиндигинен ажыратылып, өкүм күчүнө киргенден кийин ага издөө жарыяланары маалым болгон.
Мындан тышкары райондук соттун өкүмү менен Мая Алиеванын наамына катталган 13 мүлк, Тентешованын атындагы беш мүлк мамлекеттин эсебине алына турган болгон. Алардын арасында Чолпон-Ата шаарындагы үй жана соода борбору, “Народный” дүкөнү, “Барс” эс алуу жайы, сарай жана Бишкектеги турак жай, батирлер да бар.
Прокуратура Алиеваны жана Тентешованы ар бирин 10 жылдан эркиндигинен ажыратууну соттон сураган.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн жана ал мыйзамсыз тапкан делген мүлкү мамлекетке алынган.