ЖК төрагасы "маданият кызматкери ал тармакты өнүктүрө албай турганын" айтты
Анда депутат Алишер Эрбаев Мамбеталиев окуу жайды бүткөндөн кийин 28 жолу орун алмаштырганын, маданият тармагында тажрыйбасы жоктугун белгиледи. Президенттин администрациясы бул ишти пилоттук эксперименталдык чечим деп айтып жатканын, министрдин ишине жарым жылда баа берилерин кошумчалады.
Жыйын башында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу министрликке талапкер Мамбеталиев башка тармактан келгенин, мындай тажрыйба дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө колдонуларын белгиледи.
“Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында билим берүү министрлигин экономисттер, финансисттер башкарат. Саламаттык сактоо министрлигин да ошолор башкарат. Маданият министрлигинде да ошондой болушу керек. Жалаң маданият тармагынан алып келгенде ал тармак оңолбойт. Мен мурдагы министр катары айтып коёюн”, - деди Тургунбек уулу.
Министрлик кызматка сунушталган Мамбеталиев 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин бүтүргөн. Эмгек жолун 2003-жылы өкмөттүн ишкердикти өнүктүрүү боюнча комиссиясынын жетектөөчү адиси болуп баштаган.
2008-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда бөлүм башчы, кийин Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында иштеген. Кийинки жылдары Ишкердикти өнүктүрүү фондунда бөлүм башчы, каржы директору болуп турган.
2015-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты болуп, кийин 2017-жылга чейин Кыргыпатент ишканасында коррупцияны алдын алуу боюнча өкүлү болуп турган.
2018-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси, ошол эле жылы президенттин №2 мамлекеттик резиденциясына которулган.
2022-2023-жылы БШКнын аппарат жетекчиси, 2023-2025-жылдары президенттин администрациясында иштеген.
Мамбеталиев 21-февралда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Бул кызматты ээлеп турган 53 жаштагы Алтынбек Максүтов 2022-жылдын 3-октябрында министр болуп дайындалган. Ал 2014-2016-жылдары да бул кызматты аркалаган.