Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди
Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады.
Мекемеден билдиргендей, учурда Төө-Ашууда кар жаап, жол тейлөө мекемеси тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Чектөө канча убакытка чейин күчүндө болору айтылган жок.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен автоунаалар ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпей айдоого чакырган.
Кыргызгидромет 26-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаарын эскерткен.
Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кар жаап, жол тайгак болуп жатканына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгынын болтурбоо максатында маал-маалы менен жүк ташуучу автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилип турат. (MKt)