Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28

ХАМАС Израилге дагы төрт адамдын сөөгүн өткөрүп берери маалымдалды

0
АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Израилге барымтадагы төрт адамдын сөөгүн өткөрүп берет. Израил туткундагы палестиндерди бошотот. Бул тууралуу эки тарап тең билдирди.


Тараптар Египеттин ортомчулугу менен туткун айырбаштоо боюнча жаңы макулдашууга жетишкени кабарланды. Палестин туткундарын бошотуу жана израилдик төрт адамдын сөөгүн алмашуу жараяны бир убакта өтөрү маалымдалды.


Израилдин расмий өкүлү жогорудагы жараян 26-февралда кечинде болорун белгиледи.


АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф келишимдин экинчи этабын талкуулоо шаршембиде өтөрүн билдирди.


ХАМАС радикал тобу 22-февралда барымтада кармап турган алты израилдикти бошоткону үчүн Израил өз абактарынан 602 палестинди чыгармак.




Бирок 23-февралда Израил ал палестиндерди абактан бошотуу боюнча кезектеги жараянды токтото турмай болгонун билдирген. Мындай чечимдин кабыл алынышына ХАМАСтын келишимди "бир нече жолку бузуусу, барымтадагылардын ар-намысына шек келтирүүчү көрсөтмө иш-чараларды уюштурганы, аларды өзүнүн үгүт максаттарына уятсыз колдонгону" себеп болгону белгиленген.


15-январда Израил жана ХАМАС ортомчулардын жардамы менен Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен. Келишимдин 42 күнгө созулган биринчи баскычында Израил өз армиясын Газадан чыгара баштамак, ХАМАС 2023-жылы 7-октябрда барымтага алынгандардын 33үн бошотмок. Маалыматка караганда, алардын сегизи өлгөн болушу ыктымал. Келишимдерге ылайык, палестин тарап ар бир барымтага алынган израилдик үчүн 30, ал эми ар бир аскерге абактагы 50 жаранын алат деп сүйлөшүлгөн. (AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Дубай (ATP). 1-й круг. Хачанов встретится с Эвансом, Циципас – с Сонего, Баутиста-Агут сыграет с Марожаном






Депутат Мособлдумы провела отчет с активными жителями наукограда Дубны

Новая премиальная линейка российского плиточного шоколада

Горожане выберут имя для альпака из Московского зоопарка в проекте «Активный гражданин»

Врач из Красногорска рассказала, как укрепить иммунитет