Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28

Түркияда күйөөсүнөн зомбулук көргөн кыргызстандык келин уулун алып, мекенине кайтты

0
Бул тууралуу бүгүн 26-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирүү таратты. Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын Анталия шаарындагы Башкы консулдугунун активдүү көмөгү менен "үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыргызстандык келин 25-февралда баласы менен бирге аман-эсен мекенине кайтып келди".


Келиндин адвокаты Гүлмира Түркмен "Азаттыкка" билдиргендей, сот жараяны өтө татаал болгонуна карабай оңунан чечилди. Кол салууга айыпталган күйөөсү учурда камакта. Ал баласын Түркияда алып калууга аракет кылганы кабарланган. 


Быйыл жыл башында Түркиянын Анталия шаарында жашаган кыргызстандык келин түрк күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын "Азаттыкка" айтып берген. Ага чейин социалдык тармактарда келиндин денесинде көгала издер бар экени жана колу бычак менен кескиленгени жарыяланган.




Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги келин тууралуу маалымат Анталиядагы консулдукка 21-январда түшкөнүн кабарлаган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жана Түркиянын укук тартибин коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында келиндин баласы ошол эле күнү апасына берилген. Буга чейин жашы жете элек баласын күйөөсү алып койгону айтылган.


Түркияда жашаган кыргызстандык кыз-келиндер зомбулукка кабылган окуялар буга чейин да катталган.



2023-жылы декабрь айында Анталия провинциясына караштуу Серик районунда кыргызстандык Д.К.нын токойдо көмүлгөн сөөгү табылган. Аны өлтүрүүгө шектүү түрк жаранына "атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал тергөө абагына камалып, суракта кыргыз келин өзү каза болгонун, аялдын сөөгүн көмүп салганын айтып, кийин күнөөсүн мойнуна алган.
Чорлу шаардык соту 2021-жылы кыргызстандык Аят Адсызды мыкаачылык менен өлтүргөн кайнатасы Фехми Адсызды өмүр бою эркинен ажыраткан. Үрөй учурган окуя 2021-жылы 12-октябрда Текирдаг аймагында болгон. 30 жаштагы Аят Адсыздын өлүмү Түркияда резонанс жаратып, Башкы консулдук окуянын иликтенишине тыкыр көз салган. Маркум келиндин жашы жете элек эки баласы Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлигинин карамагына алынган.
2018-жылы Денизли аймагындагы Памуккале районунда кыргызстандык кыздын өлүмүнө шектүү жаран кармалган. Памуккале шаарында касапканада иштеген адам кызды үйүнө жеткирүүнү сунуштаган. Кыз макул болбогондон кийин аны күч менен автоунаасына салып, ээн талаага алып барган. Андан кийин зордуктап, машине менен тебелеткен.
2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан.


 


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" билдиргендей, учурда бул өлкөдө 32 миңден ашык кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын дээрлик көпчүлүгү кыз-келиндер.(ElB)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анна Калинская отказалась от участия в WTA 500 в Мексике: её заменит Векич






Сергей Светлаков рассказал о проекте «Наша Russia. 8 Марта»

Лавров сообщил, что РФ и США 27 февраля проведут встречу в Стамбуле

Замглавы МИД Вершинин назвал крайне высоким риск столкновения ядерных держав

В Москве двое покупателей «ВкусВилла» угрожали расстрелять очередь на кассе