Суданда авиакырсыктан 40тан ашуун адам набыт болду
AP агенттиги тараткан акыркы маалыматтарга караганда, 46 адам каза болду, дагы кеминде 10 адам жараат алды. Издөө иштери уланууда.
Белгисиз себептерден улам учак өлкөнүн борбору Хартумдун жанындагы Омдурман шаарындагы аскердик аэродромго жакын эл жыш жайгашкан жерге кулап түшкөн. Каза болгондордун арасында аскер адамдары да, катардагы жарандар да бар экени айтылууда.
Кырсыктан жабыркагандар арасында өкмөттүк армиянын командири, мурда Судандын борбору Хартумдагы гарнизондун башчысы болуп иштеген генерал-майор Бар Ахмед да бар экени маалымдалды.
Баштапкы маалыматтарга караганда, учактын кыйрашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон. (AiA)