Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28

Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча бардык иштер бир ай ичинде аяктарын айтты

0
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишим эртең Жогорку Кеңештин тармактык комитетине киргизиле турганын билдирди. Бул тууралуу ал 26-февралда Баткен шаарында жаңы стадиондун курулушунун башталышында сүйлөп жатып айтты.


“Анан президенттер кол коёт. Андан соң кайра Жогорку Кеңешке алып кирип, жыйында ратификациядан өткөрөбүз. Ратификацияланган мыйзамдарга президенттер кол коюп, ишке кирет. Бул жумуштардын баары бир айдын тегерегинде бүтөт”, - деди Ташиев.


Ал чек ара маселеси аягына чыккандан кийин Баткен облусун өнүктүрүү программасын кабыл алып, облустун экономикалык өнүгүүсүнө басым жасала турганын кошумчалады.


Ташиев ушул күнү Баткен шаарында аянты 100 миң чарчы метрди түзгөн, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган стадиондун курулушунун башталышына катышты. Стадиондун аймагында футбол талаасынан сырткары үч машыгуу оюн аянтчасы жана төрт кичи футбол аянтчасы болот. Ошондой эле 100 кишиге ылайыкташкан жатакана да салынат.




21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.


Анда үч документ - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим, эки мамлекет ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу, эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу долбоорлору кабыл алынган.


Эми бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, аларга президенттер кол коюшу керек.


Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Рейтинг WTA. Мирра Андреева дебютировала в топ-10, Киз стала №5, Калинская выпала из топ-30






Преподаватель из МГППУ провела в Луганске занятия по психологии со старшеклассниками и их наставниками

В СберБанк Онлайн можно восстановить пароль от Госуслуг

Концерты, выставки и стендап: куда сходить в Москве в марте

Безликая глыба? Родные жертв теракта в «Крокусе» в шоке от мемориала