Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28

Мамбеталиев өкмөт үйүн тарыхый мурастардын тизмесинен чыгаруу боюнча чечим жок экенин билдирди

0
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу Мирбек Мамбеталиев Бишкектеги мурдагы өкмөт үйүнүн жана анын жанындагы Жогорку соттун имараттарын тарыхый-маданий мурастардын тизмесинен чыгаруу боюнча так чечим кабыл алына электигин билдирди.


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев суроо узатты.


“Жакында Абдумомунов көчөсүндөгү 205 жана 207-даректеги имараттар тизмеден чыгарылды деген маалымат тарады. Президенттин администрациясында жыйын өтүп, берилгени айтылып жатат. Сизге чейин иштеген министр (ред:-Алтынбек Максүтов) расмий түрдө каршы деп айтчу эле. Бирок акыркы добуш берүүдө кандай болгонун билбейм. Сиздин ушул эки имарат боюнча позицияңыз кандай?”, - деди Масалиев.


Министрлик кызматка талапкер Мамбеталиев азырынча бул боюнча комиссия иш алып барып жатканын, имараттарды тизмеден чыгаруу боюнча так чечим жок экенин тактады.


Буга чейин президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы Өкмөт үйү, Жогорку сот жана башка мекемелер жайгашкан 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы белгилүү болгон жана бул талаш-талкуу жараткан.


Бул боюнча президенттин тапшырмасы менен 63 адамдан турган атайын комиссия түзүлгөнүн бул топко кирген тарыхчы Кыяс Молдокасымов “Азаттыкка” билдирген. Комиссия көпчүлүк добуш менен тизмеден чыгарылбасын деген чечим кабыл алганын ага карабай 17-февралда Ынтымак-Ордодогу жыйында башка протокол бекип калганын айткан.




Тарыхый, маданий мурас деп саналган имараттар “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жөнгө салынат. Документке ылайык, бул жайларды тизмеден чыгаруу үчүн өзүнчө мыйзам кабыл алынышы керек.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Стало известно место Рыбакиной в мировом рейтинге после сенсации






Собянин: Обновление поездов Замоскворецкой линии завершится к концу 2026 года

T2 установила свыше 36 тысяч базовых станций – итоги технического развития за 2024 год

Лавров сообщил, что РФ и США 27 февраля проведут встречу в Стамбуле

Сергей Светлаков рассказал о проекте «Наша Russia. 8 Марта»