Өкмөт Бишкек шаарынын түндүк тарабындагы айланма жолду кеңейтип, кайра куруу үчүн жол жээгине чыгып кеткен турак үйлөрдү жана объектилерди алууда. Учурда “Дордой – 2” конушунун айрым тургундарына эскертүү берилип, кызыл сызыкка чыгып кеткендерин бузуп жатыптыр. Тургундар 40га жакын турак жайды бузуу боюнча үй ээлерине маалымдама берилгенин ырасташты. Алар буга нааразы болуп, бул кенемте берүүнү суранууда. Бишкек мэриясы бул маселе өзүнчө каралып, чечилерин билдирди.