IPHR Евробиримдикти Борбор Азиядагы адам укугунун абалына көңүл бурууга чакырды
Кая Калласка жолдонгон кайрылууда Кыргызстандагы адам укугу, сөз эркиндиги жөнүндө дагы жазылган. Уюм өлкөдөгү тынч жыйындарга чогулууга чектөө, журналисттердин соттолгону, “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы кабыл алынышы сыяктуу маселелерди белгилеген.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас 4-мартта Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен Түркмөнстанда жолугушары кабарланды.
Кыргызстандын бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар жана адам укуктары сакталарын кайталап келет. (TSh)