Тажикстанда парламенттик шайлоо оппозициясыз өтүп жатат
Айрым эл аралык медиалар бул шайлоого оппозиция өкүлдөрүнүн, ЕККУнун байкоочуларынын жана көз карандысыз ЖМКлардын катышпаганына көңүл бурушууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоого Тажикстан социал-демократиялык партиясынан (ТСДП) башка алтоо катышып жатат.
“Озоди” жазгандай, шайлоого катышкандардын арасында бийликти сындаган бир дагы партия жок.
Тажикстан социал-демократиялык партиясынын түзүүчүсү жана лидери Рахматилло Зойиров 2024-жылы майда каза болгон. Көп өтпөй, июнь айында бийлик партия лидеринин орун басары Шокиржон Хакимовду мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине айыптап, камакка алган. Быйыл февралда аны 18 жылга абакка кескен өкүм чыккан.
Тажикстан элдик-демократиялык партиясын өлкөдө “бийликтин партиясы” же “президент Эмомали Рахмондун партиясы” деп аташат. Ал 2000-жылдан бери парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеп келет.
Февралдын башында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу алардын миссиясы быйыл Тажикстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзбөй турганын билдирген.
“Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо боюнча Тажикстандын бийлиги тарабынан кепилдиктин жоктугу, тилекке каршы, өлкөдөгү алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүнү токтотуу зарылдыгына алып келди”, - деп айтылган Бюронун билдирүүсүндө.
Тажик бийлиги “Озоди” үналгысына, Би-Би-Си, “Азия-Плюс” өңдүү көз карандысыз жергиликтүү жана эл аралык медиаларга шайлоону чагылдырууга аккредитация берген эмес. Муну “аккредитациянын мөөнөтү өтүп кеткендиги” менен түшүндүрүшкөн. Шайлоону чагылдыруу укугун жергиликтүү мамлекеттик жана бир катар орусиячыл ЖМКлар гана алышкан.
Тажикстандын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкө аймагында 3 513 добуш берүү тилкеси түзүлгөн. Чет өлкөлөрдөгү 28 дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө дагы 36 тилке иштеп жатат. Добуш берүүгө 5,5 млн жаран катыша алары жарыяланган. Жергиликтүү мыйзам боюнча, шайлоочулардын 50% ашыгы добуш берсе, шайлоо өттү деп эсептелет.
Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасындагы 63 депутаттык орунга 220 талапкер ат салышууда: 152 талапкер 41 бир мандаттуу шайлоо округдарынан жана 68 талапкер жалпы республикалык бирдиктүү шайлоо округунан партиялык тизме аркылуу катышууда. (KbA)