Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстанда 083 формасындагы медициналык маалымкат санарипке өткөрүлөт

0
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн талап кылынуучу 083 формасындагы медициналык маалымкатты санариптештирүү Саламаттык сактоо министрлигине жана Унааларды жана айдоочуларды каттоо агенттигине тапшырылды.



3-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Өкмөттүк акселератор" деп аталган программаны ишке ашырууга багытталган жыйында бул маселеге өзүнчө токтолду:



"Сегиз адис-дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, 083 медициналык маалымкатын алуу машакаты бүгүн жети жумушчу күнүн алат. Бул жарандар үчүн да, мамлекеттик органдар үчүн да ынгайсыздык жаратат. Ошол эле учурда кагаз түрүндөгү бул маалымкатты жасалмалоо тобокелчилиги да жогору. Ошондуктан, жаран медициналык кароодон өткөндөн кийин 083 маалымкаты автоматтык түрдө Унааларды жана айдоочуларды каттоо агенттигинин маалымат базасына түшүшү керек".



Адылбек Касымалиев аталган медициналык маалымкатты санариптештирүү маселесин Саламаттык сактоо министрлигине жана Унааларды жана айдоочуларды каттоо агенттигине тапшырып, анын ишке ашуусун көзөмөл кылууну Президенттин администрациясына дайындады.



2024-жылы 083 формасындагы медициналык маалымкатты 175 миңдей жаран алган.




Жыйында ошондой эле көлөмдүү жана оор жүк ташууга уруксат алууда берилүүчү актыны да кагаз түрүнөн электрондук түрүнө өткөрүү маселеси да көтөрүлдү. Министрлер кабинетинин төрагасы бул кагазды алуу үчүн да кеминде 7-8 күн кетерин айтып, тиешелүү механизмдерди санариптештирүү зарылчылыгын эскертти.(ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева покинула топ-10 рейтинга WTA, оставшись первой ракеткой России






Стартовал прием заявок на новый сезон «МедиаПритяжения»

Компания «Скилла работа» примет участие в выставке GOTOVO 2025 — главном событии индустрии готовой еды

Вдова борца Сайтиева подтвердила, что в день смертью он выпал из окна

Максим Павлюк получил 8 лет колонии за взятки на 15 миллионов рублей