Милиция жашы 70тен өткөн Иващиненко эмнеге суракка алынганына комментарий берди
Облустук милициянын маалыматына караганда, 19-февралда айрым адамдар дачанын жерлерин калктуу конуштарга кошуу тууралуу багбанчылык коомдордун жана дача кооперативдеринин мүчөлөрүнө жалган маалымат берип, массалык баш аламандыктарды уюштурууну максат кылып жатканы боюнча милицияга маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
“Ушул эле күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына багбандар жана жашылча өстүрүүчүлөр коомунун төрагасы И.Ого чара көрүү боюнча жарандардан бир нече арыздар түшкөн. Ал “Жаштык” дача коомунун эски мөөрүн колдонуу менен дачанын жерлерин каттап жатканы кабарланган”, - деп айтылат милициянын маалыматында.
Милиция Ольга Иващиненконун үйү тинтилип, 150 дачанын жерине байланыштуу документ, эски мөөрлөр алынып, аларга соттук-укуктук экспертизалар дайындалганын кошумчалады. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим чыгарылары айтылды.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Ольга Иващиненко суракка алынып коё берилгенин, ага эч кандай айып коюла электигин белгиледи. Анын адвокаты менен жакындары комментарий бере элек.
Жогорку Кеңеш 13-февралда Жер кодексинин жаңы редакциясын кабыл алган. 20-февралда парламенттин алдына кырктай адам чогулуп, президент Садыр Жапаровду Жер кодексине байланыштуу жаңы мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Алар аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтышкан.
Бул маселеге байланыштуу Ольга Иващиненко баштаган айрым адамдар Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн.
Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлк кол тийгис экенин билдирген. Мамлекет башчы документте “жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем болсо мыйзам долбоорун каршы пикир менен артка кайтара турганын” кабарлаган. (BTo)