Ирандын парламенти финансы министрин кызматтан кетирүүнү колдоду
Абдолнасер Хеммати Ирандын экономикасы кыйынчылыктарга туш болгон маалда кызматтан алынды. Улуттук акчанын (риал) куну качып, инфляция өсүүдө, бюджет таңкыстыкка учурап келатат.
Жетекчи болуп алты ай мурун дайындалган Хеммати депутаттарга кайрылып, тиешелүү чаралардын жыйынтыгын көрүүгө убакыт талап кылынарын айтты.
Рейтер бейрасмий сайттарга шилтеме менен жазганына караганда, улуттук валюта акыркы 8 айда АКШ долларына карата наркынын дээрлик жарымын жоготту.
Хемматини иштен кетирүүнү колдогон депутаттар министр негизги товарларга, азык-түлүккө, турак жайларга, дары-дармекке баалардын өсүшүн ооздуктай алган жок деп сындашты. Бул тууралуу Ислам жумуриятынын мамлекеттик гезиттери кабарлады. Медианын маалыматы боюнча министр АКШнын санкцияларын токтотуу, өлкөнү арам акчаны адалдоого каршы топтун “кара тизмесинен” чыгарууга артыкчылык берген.
Ал эми Хемматинин тарапкерлери санкциялар маалында жетекчини алмаштыруу туура эмес деп эсептешет.
Иранды башкарган диниятчылар 2017-жылдагыдай нааразылык акцияларынын кайталанышынан чочулашат. Ошондо колунда жок катмар козголуп, көчөлөргө чыккан.
Хеммати ар кайсы жылдары Камсыздандыруу мекемесинин, Улуттук теле жана радио корпорациясынын, Борбордук банктын жетекчиси болгон. 2021-жылы байистүү саясатчылар канатынын жападан-жалгыз талапкери катары президенттикке ат салышып, марага үчүнчү болуп келген.
2024-жылы президенттикке талапкерлиги Конституциялык кеңештин элегинен өтпөй калган.