Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстанда электр энергиясынын баасын көтөрүү сунушу берилди

0
Энергетика министрлиги Кыргызстандын 2025-2030-жылдарга электр энергиясынын тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.


Документтин маалымкат-негиздемесинде 2024-жылы 1 кВт саат электр энергиясынын өздүк наркы 2,72 сом болгону, орточо коюлган тариф бирок 2,11 сом экени, өндүрүлгөн электр жарыгы 0,61 сомго арзан сатылып жатканы жазылган.


Маалыматка ылайык, былтыр энергетикалык компаниялардын кирешеси 32,5 млрд сом болсо, чыгашасы 40,6 млрд сомду түзгөн. Мында энергосистемадагы каражаттын тартыштыгы 8,1 млрд сомго жеткен.


Энергетика министрлиги инфляцияны, жабдуулардын кымбатташын эске алып калк үчүн 700 кВт саатка чейин 1 кВт саат электр энергиясынын тарифин 1,11 сомдон 1,37 сомго, башкача айтканда 23,8% көтөрүү, андан тышкары жыл сайын 20% чейин жогорулатып туруу сунушун берди.


Ал эми 700 кВт сааттан ашкандан кийин 2,39 сомдон 2,60 сомго чейин жогорулатуу (8,5 %) сунушу каралган.




Ошондой эле электромобилдерди кубаттоо станцияларына, бюджеттик керектөөчүлөргө жана электр жарыгын көп колдонгон абоненттерге инфляциянын деңгээлине жараша орточо 3,5% жогорулатып туруу сунушталды.


Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат. Министрлик тариф кымбаттаса кошумча 6,5 млрд сом киреше түшөт деп эсептеп чыккан.


Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 39 тыйындан төлөйт. Өлкөдө инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын 1-майдан тарта электр жарыгынын баасы көтөрүлүп турат. Быйыл 1-майдан тартып электр жарыгынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыгат.


Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Блинкова

Россиянка Блинкова в паре с Юань Юэ выиграла теннисный турнир в Остине






В немецком Мангейме автомобиль въехал в толпу

Без отрыва от внешнего мира

Второй шанс в Средиземноморье: Россия контролирует уже 4 военные базы в Ливии

Компания «Скилла работа» примет участие в выставке GOTOVO 2025 — главном событии индустрии готовой еды