Жыл башынан бери салык пландан 4 млрд сомго көп чогултулду
Быйылкы салык жана төлөмдөр былтыркы январь-февраль айларындагы көрсөткүчтөн 10,7 млрд сомго көп экени белгиленди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 12 млрд 911,3 млн сом жыйналды, бул да белгиленген пландан 811,3 млн сомго көп. Быйылкы эки айда чогулган камсыздандыруу төгүмдөрү былтыркыдан 1,2 млрд сомго көп.
Жалпысынан эки айда чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 54 млрд 401,8 млн сомду түздү.
Жыл башында президент Садыр Жапаров калктын салыктык түйшүгүн азайтуу боюнча жарлыкка кол коюп, өкмөткө бир нече тапшырмаларды берген. Министрлер кабинети көп өтпөй салыктын айрым түрлөрүнө мунапыс берүүнү сунуштаган. (ZKo)