Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Өкмөт башчы Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барды

0
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапары менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барды. Бул тууралуу 4-мартта кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен өзүнчө жана андан соң кеңейтилген форматтарда сүйлөшүү өткөрөт.


Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуусу боюнча маселелер талкууланат деп пландалууда.


Адылбек Касымалиев Рогун ГЭСине да барат деп күтүлүүдө.




27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим, эки өлкө ортосундагы жолду пайдалануу жана суу чарба, энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоорлору колдоо тапкан.


Ага ылайык, Кыргызстандын Достук айылы Тажикстанга толук берилип, талаштуу болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан аны бирдей пайдаланат деп чечилген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Достук айылында жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан 30 гектар жер алганын айткан.


Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина вызвала оптимизм перед стартом на топовом турнире






Мария Кондратович: "Уметь говорить «Нет! - это важно для нашего самосохранения"

Сегодня участницей акции «Всегда в форме» стала сотрудница вневедомственной охраны полицейский комендантской группы сержант полиции Александра Бурова

Всероссийское реабилитационное мероприятие по профессиональной ориентации для учащихся старших классов школ слепых и слабовидящих детей

Синоптик рассказала о грядущем похолодании в Московском регионе