Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды
Министрликтин маалыматына ылайык, реконструкция иштери аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу дагы 60 МВтка көбөйөт.
Токтогул ГЭСинде төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы, №2 агрегат 2023-жылы жана №1 агрегат 2024-жылы оңдоодон өткөн.
ГЭСте реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса, анын кубаттуулугу 1440 мВт көбөйөт деп пландалган. Кошумча 240 мВт кубаттуулук кошулат.
Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу оңдоп-түзөөдөн кийин 9 мВтка көбөйөт.
Энергетика министрлиги калкты таңкы саат 7:00-9:00 чейин, кечкисин 18:00-21:00гө чейин электр энергиясын үнөмдөп турууга чакырды.
Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет. (BTo)