Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Мамлекеттик “Кыргызлото” компаниясынын жетекчиси пара алууга шек саналып кармалды

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине караштуу “Мамлекеттик лотерея компаниясы” (“Кыргызлото”) ишканасынын директору (К.В.В.) пара алууга шек саналып кармалганын билдирди.


Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал өлкөнүн лотереялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө каражат салуу сунушун берген инвесторлордон 10 миң доллар талап кылган деп шек саналууда.


3-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында “Кыргызлотонун” жетекчиси 10 миң доллардын бир бөлүгүн пара катары алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганы кабарланды.


“Мамлекеттик лотерея компаниясы” ишканасынын директорунун жакындары же адвокаты, компаниянын өзү коюлган кине боюнча комментарий бере элек.




УКМК Кыргызстанда коррупциялык кылмыш иштерине жаза күчөтүлгөнүн эскертти. Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.


Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

«Это было тяжело принять». Арина Соболенко сделала новое признание






Политолог Марков заявил, что слова Макрона были почти объявлением войны России

РИА Новости: против актера Калюжного завели уголовное дело за уклонение от армии

Синоптик Вильфанд: прошедшая в РФ зима заняла второе место по теплу в истории

Море в день? Сколько воды потребляет Москва