Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Дагестанда теракт даярдоого шектелген төрт киши өлтүрүлдү

0
Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети Дагестанда 5-мартка караган түнү төрт киши жок кылынганын билдирди. Маалыматта алар Каспийск шаарындагы ички иштер бөлүмүндө теракт пландаоого шектелгени айтылат.


Мекеме жок кылынган кишилердин ишмердигин Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюм координациялап турганын белгиледи.


Маалыматка караганда, Махачкаланын Киров районундагы Семендер кыштагында бир нече саатка контртеррордук операция жүргүзүлгөн. Шектүүлөрдү кармоо учурунда алар жол кайгуул кызматкерлерине ок чыгарган, кийин күч түзүмдөрү тарабынан атып өлтүрүлдү.


Комитет жакын жерде гранатомет, колго жасалган жардыргыч жабдыктары, граната, автомат, тапанча жана ок-дары табылганын билдирди. Маалымат боюнча карапайым тургундардан эч ким жабыркаган жок, тергөө иши уланууда.


3-мартта Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери метродо жана Подмосковьеде «жөөттөрдүн диний жайына» кол салууну даярдаган шектүүнү жок кылганын билдирген.


Орусиянын мамлекеттик медиасы тараткан маалыматта шектүү теги борбор азиялык орус жараны экени жана «эл аралык террорчулардын уюмуна кирери» айтылган, бирок анын өлкөсү же уюмдун аталышы маалымдалган жок.


Февралда Псковдо вокзалды жардырууну көздөгөн деген шек менен Борбор Азиядан чыккан үч киши жок кылынганы кабарланган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Камилла Рахимова

Камилла Рахимова проиграла на старте турнира в Индиан-Уэллсе






Ученые выяснили, что низкая успеваемость детей напрямую связана с пропуском завтрака

В России ввели скидку 50 процентов на билеты для детей в поездах дальнего следования

Как бесплатно поступить в престижный вуз Москвы? Депутат АКЗС от ЛДПР раскрывает секрет

«Слишком шумели». Женщина отравила троих внуков и дочь с ДЦП