Медиа: Канада жана АКШ Кытайга депортацияланган уйгурларга башпаанек берүүнү көздөгөн
Өткөн бейшембиде Тайландда он жылдан ашык кармалып турган уйгур эркектер Кытайга депортацияланган.
Январда алар коомчулукка кайрылып, депортацияны токтотууну суранышкан. Алар Кытайга барса түрмөгө түшүп же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин жүйө келтиришкен. БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери дагы уйгурларды Кытайга өткөрүп берүүгө каршы чакырык менен чыгышкан.
Тайланд бийлиги мыйзамдарга жана адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерине ылайык иш алып барганын билдирген.
Премьер-министр Пхумтам Вечаячай 3-мартта бир да өлкөдөн уйгурларды көчүрүү боюнча конкреттүү сунуш түшпөгөнүн айтты. Ал 2006-жылдан 2023-жылга чейин өкмөттүн курамына кирген эмес.
Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү 48 этностук уйгурду башка өлкөгө, анын ичинде АКШга көчүрүүнү бир нече жолу сунуш кылганын билдирди.
"Рейтердин" кабарчысы сөзгө тарткан төрт булак Канада кармалган уйгурларга башпаанек берүүнү көздөгөнүн, маселени Тайланд бийлиги менен талкуулаганын маалымдады.
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк 27-февралда уйгурлардын депортацияланышын “эл аралык укуктарды жана стандарттарды ачык түрдө бузуу” деп атады.
Кытай элчилиги Фейсбукта билдирүү таратып, 40 кытай жараны атайын чартердик учак менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына кайтарылганын билдирген.
Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы бул адамдар “кылмыштуу топтордун алдоосуна кабылып”, Тайландда калып калышканын кабарлады.
Бээжин уйгурларды “экстремисттер” деп атап келгени менен бул боюнча эч кандай далил келтирген эмес. Батыш мамлекеттери жана уйгур активисттери бул айыптоолор негизсиз экенин билдирип, аларды Кытайга кайтарбоону талап кылышкан.
Укук коргоочу уюмдар Бээжинди Шинжаңдагы уйгурларды, башка мусулман азчылыктарды кордоп жатканы үчүн айыптоодо. Кытай бийлиги андай дооматтарды четке кагат.