Орусиядан ташылып келаткан 21 тонна тоок эти Кыргызстанга киргизилген жок
Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунун “Чоң-Капка” чек ара ветеринардык постунун инспекторлору Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келаткан 21 миң килограмм тоок этин текшерип, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ветеринардык-санитардык талаптары бузулганын аныкташкан.
Министрлик товар маркировка болбогону такталганын кошумчалады.
Жыйынтыгында “Чоң-Капка” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тиешелүү акт түзүп, жүк кайра Орусияга артка кайтарылды. (BTo)