Шаменов Достуктун тургундарынан кечирим сурап, 30 сотых жер бөлүнөрүн билдирди
“Элдин сунуштары менен ойлонуп чечим кабыл алдык. Кечээги чечимден сырткары азырынча 10 сотых жерге үй куруп беребиз, 10 сотых келечекте турак жай салганга бөлүнөт, өздөрү көргөн Кызыл-Белден 10 сотых айыл чарбага бөлүнүп берилет. Жалпы 30 сотых. Эл менен жолукканда 20 сотых тууралуу сөз болгон. Эл менен жолукканда чындыгында эмоцияга алдырып коюп, Достук айылынын элинен кечирим сурайбыз”, - деди Шаменов.
6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Анда айылдын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган.
Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес, 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Айбек Шаменов анда мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. Бул коомчулуктун сынына кабылган.
Ушундан кийин президент Садыр Жапаров Шаменовго оозеки эскертүү бергенин мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматта “ал Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү бергени” айтылган.
Айбек Шаменовдун жыйындагы сөзүнө караганда, Чет-Булакка көчүп барган ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет бардык шарты бар үй куруп берет. Жалпы 71 үй курулат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.
Достук – Баткен шаарынан 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.
2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп, баары жаңыланган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери тууралуу расмий Дүйшөмбү азырынча маалымат бере элек. (КЕ)