Кыргызстанда Германиянын 60 туроператору катышкан форум өтөт
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, немис туроператорлору менен түз байланышты бекемдөө мүмкүнчүлүгү түзүлөрү айтылды. Иш-чара качан жана кайсыл аймакта өтөрү айтылган жок.
Форум Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Deutsche Reiseverband (DRV) туроператорлор ассоциациясынын ортосунда кол коюлган кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк тууралуу меморандумдун алкагында өткөрүлөт. Меморандум 2024-жылдын 25-27-ноябрында президент Садыр Жапаровдун Германияга расмий сапары учурунда түзүлгөн.
Аталган мекеме Туризм департаменти менен Deutsche Reiseverband (DRV) ассоциациясы кызматташтык тууралуу келишимге кол койгонун кошумчалады.
"Бул келишим Кыргызстан менен Германиянын туристтик индустриясынын байланышын бекемдеп, өлкөнүн эл аралык туристтик рынокто ордун чыңдоого көмөкчү болот", - деп айтылат маалыматта.
Жакында Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги инвестициялык долбоорлордун тизмесин бекиткен. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Асман шаарын куруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана “Кыргыз Куршевели” туристтик комплексин салуу өңдүү долбоорлор бар. (КЕ)