"Сосновкада" жүк ташуучу автоунаалар чектөөсүз өткөрүлүп жатат
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги каттамга 8-мартта саат 14:00дөн тарта чектөө киргеннин бидирген. Жол тейлөө ишканасы тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатканын, жеңил унааларга жол ачык экенин кошумчалаган.
Метеорология кызматы Кыргызстанда 7-10-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жолдордо кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскерткен.
Айдоочуларга зарылчылык болбосо бул күндөрү жолго чыкпай туруу, ал эми жолдо унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпөө сунуш кылынган.