Жалал-Абаддын Сузак районундагы Благовещенка айылынын тургундары үйлөрүнөн ажырап калабыз деп кооптонуп жатышат. Көк-Арт дарыясынын жээгине жакын жайгашкан 20дай турак жайга кызыл сызыкта деп эскертүү берилген. Үй ээлери колунда документи бар экенин айтууда.