Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстан кылмышка шектүү аялды АКШга экстрадициялады

0
АКШнын Калифорния штатынын Түндүк округунун прокуратурасы Данхонг Жан Чен (Мария София Тейлор деген ат менен да белгилүү) Кыргызстандан экстрадицияланганын, жума күнү Сан-Хосе шаарынын сотуна алынып келерин билдирди.


Прокуратуранын маалыматына караганда, кылмышка шектүүнү Кыргызстандан АКШга экстрадициялоо учуру буга чейин болгон эмес. 60 жаштагы Чен жана мурдагы күйөөсү 2019-жылы 100 чакты чет өлкөлүк инвесторго EB-5 деген виза алууда көз боёмочулукка барган деп айыпталган. Ал программанын алкагында чет элдик жарандар белгилүү өлчөмдөгү инвестиция салып, АКШда жашоого уруксат берген «жашыл карта» ала алат.


Шериги күнөөсүн моюнга алып, бир жыл камакта отуруп чыкты.


Ченге башка бирөөнүн аты-жөнүн мыйзамсыз колдонуп жүргөнү, тергөөгө жолтоо болгону, күбөлөргө кысым кылганы үчүн да күнөө тагылган. Ал 2018-жылы АКШдан чыгып кетип, Кыргызстанда колго түшкүчө кармаптай жүргөн.


Прокуратура билдиргендей, Чен Сан-Хоседе иммиграциялык укукка адистешкен юридикалык фирманы жетектечү. АКШнын Жарандык жана иммигрция кызматына бурмаланган маалыматтар камтылган жасалма документтерди тапшырып келгени аныкталган.


Маалыматка караганда Чендин экстрадициясы АКШнын Юстиция министрлиги менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ортосундагы кызматташтыктын аркасы менен мүмкүн болду.


Шектүү Кыргызстанга качан жана кандай жагдайда келгени айтылган жок.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Андреева — вторая самая юная теннисистка, выигравшая стартовые матчи на шести турнирах WTA-1000 подряд






Прокуратура проверит соблюдение прав граждан после атаки БПЛА в Подмосковье

Аэропорт Шереметьево открыли для гражданских самолетов

В Москве заработал аэропорт Шереметьево

Ефимов: соцорганизациям столицы предоставлено 60 помещений в рамках реновации