Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкекте көк бөрү турниринде бир улакчы каза болду

0

12-мартта Бишкектин батыш тарабында жайгашкан жаңы ат майданда Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште бир адам каза болду.

Маалыматка ылайык, биринчи лигада Сокулук районунун “Бөрүлү” жана Оштун “Бүркүт” командаларынын оюнунда “Бөрүлүнүн” номур биринчи катардагы оюнчусу жерден улакты көтөрүп жатканда каршылаш команданын оюнчусу келип ат менен сүздүргөн. Социалдык тармактарда тараган видеодон окуя кандай болгонун көрүүгө болот.

Көк бөрү федерациясынын сайтындагы маалыматка ылайык, “Бөрүлү” командасында биринчи номуру менен Мирлан Сражидинов Чырак деген ат менен ойноп жаткан.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы окуя саат 10дор чамасында болгонун, “Тез жардам” чакыртылып, 45 жаштагы (С.М) ооруканага жетпей каза тапканын билдирди. Бул факты райондук милицияга катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев “Азаттыкка” азыр бошобой жатканын, кийин байланыша турганын айтты.

Нооруз майрамына уюштурулган турнирде биринчи, экинчи жана жогорку лигада командалар күч сынашат.

Кыргызстанда көк бөрү оюнунан каза болгондор, жаракат алгандар буга чейин да катталган. 2024-жылы 5-февралда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук мелдештин жүрүшүндө 24 жаштагы улакчы башынан катуу жаракат алып, комага түшүп калган. Ага Ысык-Көл облустук бириккен клиникалык ооруканасында операция жасалган. 2022-жылдын октябрында Анур Жээнбек уулу Токтогул районунун Совет айылында өткөн көк бөрү оюнунда аттан жыгылып, моюн омурткалары сынып, жүлүнүнө доо кеткен.

Көк бөрү - Кыргызстанда күйөрманы көп улуттук оюндардын бири. Ал ар жылы түркүн майрамдарда, мааракелерде республикалык масштабда да, аймактарда да жеке адамдардын уюштуруусу менен өткөрүлүп келет.

Рамис Жунусалиев былтыр оюнчулардын ден соолугун, өмүрүн сактоо максатында атайын баш кийимдер сунушталганын жана коопсуз тайказандарды көбөйтүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева вернется в топ‑10 обновленного рейтинга WTA






Как София Ротару отошла от гастрольной жизни ради уединения в Италии

Кремль анонсировал визит Лукашенко в Москву

Центр пробации в Подмосковье помогает отбывшим наказание изменить свою жизнь

В СФ высказались о словах Матвиенко насчет ограничения приема абитуриентов в вузы