Салтанат Боронбаева аялдардын укугун коргогон активисттердин бири. Ал Ошто кыз-келиндердин укугун коргоп, жүрүштөрдү уюштуруп келген. Учурда Чехиянын баш калаасы Прагадагы Карлов университетинде магистратурада окуйт. Салтанат гендердик изилдөөлөрдү жүргүзүп, аялдардын диндеги, маданияттагы, тарыхтагы ордуна басым жасайт.