Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2025

Рахмон электр энергиясын уурдагандарды камоону сунуштады

0

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өкмөттүн жыйынында электр энергиясын төлөбөгөндөргө жана уурдагандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Рахмон электр энергиясы натыйжасыз пайдаланылып жатканына жана күз-кыш мезгилинде нормадан ашыкча коротулушуна тынчсыздануусун билдирди. Ал тиешелүү кызматкерлерге энергетика тармагындагы кемчиликтерди жоюуну жана электр уурдоону алдын алууну тапшырды.

Жыл сайын Тажикстандын тургунда электр жарыгынын утур-утур өчүшүнө даттанып келишет. Өкмөттүн графигине ылайык, күнүнө бир нече саат электр энергиясы берилбейт. Бирок тажикстандыктардын айтымында бул бир нече саат эмес, керелден кечке электр жарыгы жок болушу мүмкүн дегенди билдирет.

Бийлик өкүлдөрү буга жамгырдын тиешелүү көлөмөдө жаабай жатышы, суу сактагычтардагы суунун деңгээлинин төмөн болушу, жабдууларды оңдоо иштери, авариялар жана электр энергиясына болгон керектөөнүн өсүшү себеп болуп жатканын айтышууда.

2019-жылы Рогун ГЭСинин экинчи агрегаты ишке киргизилгенде, Рахмон энергетика тармагындагы реформалар электр энергиясын камсыздоону жакшыртып, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жай айларында коңшу өлкөлөргө экспортту көбөйтүүгө жардам бергенин билдирген.

2024-жылдын август айында "Барки Точик" компаниясы Рогун ГЭСинин курулушу толук аяктаганга чейин электр энергиясына чектөөлөр киргизиле берерин маалымдаган. ГЭСтин эки агрегаты ишке берилген, үчүнчүсүн 2025-жылы иштетүү пландалууда.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Блогер European kid пытался выгнать теннисистку Соболенко из ресторана






В Москве медсестру арестовали за осквернение памятника защитникам Отечества

Газпром нефть признана лидером среди работодателей по версии HeadHunter

Австралийский блогер поразился ассортименту в российских магазинах электроники

"Известия": Россия и Боливия намерены подписать соглашение в области энергетики