Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2025

Чукул кабар: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 23-27-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгырдан улам дарыялар ташып, тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымалдыгын эскертти.

"Чарбактардагы арыктарды, сел каналдарын тазалап, селдин алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар! Кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат",-деп жазылган маалыматта.

Апрелде, ушул айдын башынжа Жалал-абад облусуна караштуу Ала-Бука, Аксы райондорунун айрым айылдарында сел жүргөн. ӨКМ жолдорду, турак-жайларды суу каптап, кум-шагылга толуп калганын билдирген.

Былтыр Кыргызстанда жаз-жай айлары жаанчыл болуп өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүргөн жана адам өлүмү менен аяктаган окуялар орун алган.

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, соңку 12 жылдын ичинде жалпы өлкө аймагында 900дөн ашуун сел жүргөн. Беш жыл ичинде сел жана суу ташкынынан 32 адам каза болгон. 2024-жылы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жүргөн 300дөй селден 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса