Вашингтондун борборундагы Жөөт музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкери киши колдуу болду жана аларга ок чыгарган деп шектелген жаран кармалды.
Маалыматтарга караганда, окуя кечки саат 9дар чамасында болгон. Би-би-си элчиликтин бир аял жана эркек кызматкери музейде Газанын тургундарына жардам берүүгө арналган иш-чарадан кетип баратканда атылганын ошол жолугушуунун уюштуруучуларына шилтеме кылып жазды.
Израил элчилигинин басма сөз катчысы Таль Наим Кэон ок жакын жерден атылганын кабарлады. Киши колдуу болгондордун аты-жөнү ачык айтыла элек, бирок алар жакында баш кошкону жаткан жаш түгөйлөр экени белгилүү болду.
Полиция кылмышка шек саналып Чикаго шаарынын тургуну, 30 жаштагы Элиас Родригес кармалганын жарыялады. Ал колго түшүрүү учурунда "Палестинаны бошоткула" деген ураанды кыйкырганын билдирди.
Федералдык чалгын бюросунун Вашингтондогу бөлүмүнүн жетекчиси Стив Женсен кылмышка шектүүнүн "террорчулук менен байланышы" текшерилерине токтолду. Колумбия округунун полиция башчысы Памела Смит басма сөз жыйынында буга чейин Родригес укук коргоо органдарырын байкоосунда болбогонун, таржымалында "көңүл бура турган учурлар" катталбаганын айтты.
Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар "бул террордук акт" аны нес кылганын айтып, дүйнө жүзүндө Израилдин өкүлдөрү ар дайым опурталдуу абалда экенин белгиледи. Израилдин президенти Ицхак Герцог эки адамдын өмүрүн алган окуянын антисемизмдин жана жек көрүүнү карасанатай актысы катары баалады.
АКШнын президенти Дональд Трамп кол салууну айыптады.
This underwater city builder had me more emotionally invested in my corals than SimCity does in my human citizens, and you can try it at the next Steam Next Fest
Алмазы в Whiteout Survival: где собирать, как приумножать и на что тратить
Началась предзагрузка Crystal of Atlan на PC и смартфонах
Игра Cultivation Chat Group заняла топ-7 в китайском App Store
Архангельские гребцы завоевали две медали на первенстве России в Краснодаре
Заместитель прокурора Архангельской области и Ненецкого автономного округа Павел Матанцев провел личный прием работников ГУП НАО «Нарьян-Марская электростанция»
Арктика с женским лицом: Архангельск готовится к масштабному форуму лидеров и идей