АКШда Федералдык аппеляциялык сот Эл аралык соода сотунун президент Дональд Трамптын тарифтерин тыйган чечимин токтотту. Эми аппеляция каралып жаткан чакта пошлиналар күчүндө болот. Америкалык басылмалар бул иш Жогорку сотко чейин жетиши мүмкүн экенин жазышты.
Эл аралык соода соту Трамп глобалдык тариф саясатында өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп таап, аны бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Үч судьядан турган коллегиянын чечиминде 1977-жылдагы Өзгчөчө кырдаалдагы экономикалык ыйгарым укуктар тууралуу Трамп шилтеме кылган мыйзам ага дүйнө өлкөлөрүнө тариф киргизүүгө укук бербеси жазылган.
Манхэттенде жайгашкан сот ошондой эле АКШнын Конституциясы башка мамлекеттер менен соода-сатык алака-катышты жүргүзүү укугун Конгресске гана бергенин, экономиканы коргоо президенттик ыйгарым укугу эмес экенин билдирген. Бул чечим чыгар замат Трамптын администрациясы ага каршы аппеляциялык арыз жазган.
Апта башында Трамп Европа Биримдигинен келген товарларга 50% тариф киргизүү планын 9-июлга чейин токтоткон. Ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына мындай чечимди Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алганын билдирген.
Ал 5-апрелден тарта АКШнын дээрлик бардык соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган. Ага ылайык, Еврошаркеттен импорттолгон товарларга 20% тариф кирмек.
Трамп көп өтпөй, 9-апрелде 75тен ашык өлкөгө бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө жылдырганын жарыялаган. Кытайга болсо бажы төлөмдөрүн 125% чейин көтөргөн. Буга расмий Бээжин жооп кылып, АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн 125% чейин жогорулатарын жарыялаган.
Бул кадам АКШнын соода саясатынын жаңы, агрессивдүү багытын көрсөтүп, глобалдык экономикалык алакаларга олуттуу таасир тийгизет деп болжолдонуп жатат.
Mafia: The Old Country получила положительные оценки в Steam
Обзор на мобильную версию A Game About Digging A Hole
DeepMind CEO makes big brain claims, saying AGI could be here within 'five to 10 years' and cause humanity to experience widespread change that's '10 times bigger than the Industrial Revolution, and maybe 10 times faster'
Раскрой потенциал Мистера Террифика из DC Worlds Collide с этим гайдом
Защищённый планшет промышленного класса Saotron RT-W11
Коми, Камчатку, Архангельскую, Иркутскую, Калужскую, Костромскую, Курскую, Свердловскую и Оренбургскую области эксперты отнесли к регионам, где на осенних выборах "протестный потенциал выше среднего", говорится в докладе...
Чёрный день календаря. 8 августа: Архангельская трагедия. Как ошибка пилота погубила рейс Як-40
Льготные ипотеки на Дальнем Востоке активно получают участники СВО и сотрудники ОПК
Семь поездов задерживаются на Кубани из-за падения обломков БПЛА между станциями Величковка и Ангелинская, там пропало напряжение контактной сети
В Калининском районе Краснодарского края фрагменты дронов повредили контактную сеть на железной дороге между станциями Величковка и Ангелинская, сообщил оперштаб региона
Восемь поездов, следующих в Крым, отстают от расписания
Аренда квартир в июле 2025 года: за сколько можно снять жильё в Симферополе и Севастополе?