Ош шаардык мэриясы буга чейин "Келечек" базарында соода кылып келген 150дөн ашык адам жаңы муниципалдык базардан жаңы орун алганын билдирди. Калгандары тизмеге ылайык кезек менен такталып берилип жатканын кабарлады.
"Салык кызматы жана "Келечек" базарынын администрациясы аркылуу патенти бар жана салык кызматына катталган жалпы 382 соодагердин тизмеси түзүлгөн",-деп жазылган маалыматта.
Буга чейин "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө анда иштеген ондогон соодагер каршы чыгып, нааразылык акцияларды өткөрүп келген. Мэр Жеңишбек Токторбаев аларга жолугуп, базар 31-июлдан тартып сөзсүз көчүрүлөрүн айткан. Бул базардын айынан тыгын жаралып жатканын айтып, 400 соодагерге жаңы муниципалдык базардан бекер жай берип жатканын кошумчалаган.
Нааразылык акциясына чыккандар бул базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрдү убагында мыйзамдуу жол менен чоң акчага сатып алышканын, колунда "кызыл китептери" турганын айтышкан. Башка базарга көчүрүү менен алардын жеке менчик укугу бузулуп жатканын белгилешкен. Соодагерлер алардын пикири эске алынбай, убакыт берилбей, чукул көчүрүлгөнү жатканына нааразы болуп келишкен. Мэрия шаардагы негизги базарлар 1-июлдан тартып жаңы муниципалдык базарга көчүрүлгөнүн билдирген. Ага ылайык "Келечек", "Бексултан", "Кийим-кече" базары, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөрү белгилүү болгон.
Шаардын четиндеги жаңы муниципалдык базарда ар бири 6-7 чарчы метр деп эсептелген 2,5 миң орун болору, 25 катарга жайгашары маалымдалган, базардын жанына 1,5 миң машинага токтоого ылайыкташкан жай даярдалары айтылган.
Профессиональные бои состоятся в Нижнем Новгороде 9 августа
«Ты будешь моей…»: Николай Ерусланкин из Нижнего Новгорода удивил всех участников шоу «Погоня» на ТНТ
«Детям полезно принимать участие в любой движухе, связанной с творчеством, музыкой и спортом!» В Москве завершился Международный фест-форум «Голоса Мира» 2025
Аномальная жара: До +41 °С в Чечне и Ингушетии, +30 °С в Карелии и Архангельске
Защищённый планшет промышленного класса Saotron RT-W11
Коми, Камчатку, Архангельскую, Иркутскую, Калужскую, Костромскую, Курскую, Свердловскую и Оренбургскую области эксперты отнесли к регионам, где на осенних выборах "протестный потенциал выше среднего", говорится в докладе...
Амурская область оказалась в числе аутсайдеров по качеству дорог