Иран 100дөн ашуун жараны АКШдан депортация болгонун ырастады
Иран 120га чукул жараны АКШдан депортацияланганын, ушул аптада өлкөгө келерин ырастады.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хоссейн Нушабади Tasnim агенттигине алар Кошмо Штаттарга мыйзамсыз, негизинен Мексика аркылуу киргендиктен депортация тизмесине кошулган 400дөн ашык жарандардын бир бөлүгү экенин билдирди.
Анын айтымында, депортация болгондордун айрымдарында АКШда жашоого уруксат кагазы бар болгон, бирок өлкөдөн чыгарыла тургандардын тизмесине кошулуп калган. Алар репатриацияга макул болушкан.
Буга чейин New York Times басылмасы Тегерандагы расмий адамдарга шилтеме берип, 100дөй ирандык түшкөн учак 29-сентябрдын түнү Американын Луизиана штатынан учуп чыкканын, кийинки күнү Катар аркылуу Иранга конорун жазган.